Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышып, өкмөттүн ишкерлерди колдогон демилгелери ишке ашып жатканын баса белгилеп, 2019-жылы аймактардагы 51 бизнес-долбоорду каржылаш үчүн республикалык бюджеттен 2,0 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал өз сөзүндө: «Коррупционерлерге бөгөт коюу боюнча бекем чечимин билдирген президенттин саясий эрки ийгиликтин кепилдиги болот. Өкмөт ишкер чөйрөдөн жооп кайтарууну, аны менен бирге ата мекендик экономиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди күтөт», — деди.

Бул жыйында бир катар ишкерлерге сыйлык тапшырылды

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here