Алымжан Козубаев «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорлук кызматынан бошотулду. Буйрукка премьер-министр 13-февралда кол койгон.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 30-январдагы жыйынында Козубаевди кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүп, кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев өкмөткө сунуш киргизген.

Буга чейин укук коргоо органдары «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here