Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрөгасынын орун басары Мыктыбек Абиров депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал өлкөдөгү мүлктү камсыздандыруу компаниялары 1 млрд. 300 млн. сом чогултканын билдирди. Ал эми бир жыл ичинде мүлкүн камсыздандырган адамдардын керектөөсүнө 200 млн. сом төлөнүп берилген.

Депутат Аалы Карашев бул тармакта иш чабал жүрүп жатканын сындады:

«Дүйнө жүзүндө бул абдан өнүккөн. Бир жарым млрд. сомго жакын акча чогулуптур. Ошонун пайдасын эл көрдүбү? Мен бир да жолу уга элекмин, «камсыздандыруу компаниясы келип төлөп берди» дегенди. Кырсыктар көп эле болуп жатат».

Кыргызстанда мүлктү камсыздандыруу боюнча 17 компания иштейт. Алардын бирөө мамлекетке таандык. Депутаттар «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамды эки жылга — 2021-жылга чейин жылдырууну сунуш киргизип, өкмөт аны колдогон.

Бул мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынган жана 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирүүгө тийиш болгон. Жогорку Кеңештин депутаттары 2016-жылдын январь айында мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн үч жылга жылдырышкан. Натыйжада ал 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here