УКМК Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта иштеген кызматкер атайын ойлонуп чыккан коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалганын маалымдады.

Кыргызстанга Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдөн келген товар салык жана төлөмсүз кирип турган. Финполдун бул кызматкери аталган кызматтын Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Атадагы райондор аралык бөлүмүндө иштегендиги белгилүү болду. Ал кызыкчылыгы туура келген бир нече адамдар менен биригип алып, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 127 миллион сомдук товар О.у. С. жана А.у.Д. деп документ толтурулган адамдарга келип түшкөн. Бул суммадан төлөм түшсө, ал 15 миллион сомдон ашык болмок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here