Парламенттеги коалициялык көпчүлүк вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду. Өкмөт башчы көрсөткөн Мадумаровдун талапкерлиги жалпы жыйында качан каралаары азырынча белгисиз. Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2019-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Жеңиш Разаковду өз арызына ылайык вице-премьер-министрлик кызматтан бошотуу жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон. Разаков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу вице-премьер-министрлик кызматтан кеткенин айткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here