Миллиардер Алишер Усманов Лозаннадагы олимпиадалык музейге заманбап олимпиадалык оюндардын негиздөөчүсү Пьер де Кубертендин манифестин тапшырды. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин сайтында айтылат.

Өткөн жылы манифест Sothebyʼs аукционунда 8 миллион 800 миң долларга сатылган, бирок сатып алуучунун аты-жөнү сыр бойдон калган. Эми ал орусиялык миллиардер болгону аныкталды.

1889-жылга таандык 14 барактан турган кол жазмада Кубертен биринчи жолу заманбап дүйнөдө Олимпиадалык оюндарды жандандыруу жөнүндөгү идесын сунуштаган. Француз барону аны сыя менен Ден тарбия боюнча эл аралык конгресстин атайын барагына жазып, үч жылдан кийин гана коомчулукка тааныштырган. Дагы эки жылдан кийин Олимпиада оюндарын жандандыруу боюнча чечим кабыл алынган.

Усманов олимпиадалык музейди кол жазма сактала турган эң ыңгайлуу жер деп эсептейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here