Башкы прокуратура азыркы бийлик билермандары менен РАИММИЛЛИАРДдын жан бирге ынак досу Хабибула Абдукадырдын ишмердүүлүгүн текшере турган болуптур эй. Күлкүӊ гана келет да. Кантип текшерет? Анын сол чөнтөгүнө коюлган миллиондорду кантип ачык айтып, кантип бийликке таасирдүү РАИММИЛЛИАРДга сокку урат десеӊиз. Бул эми эл көзүнө, душман көзүнө карата жасалып жаткан эптеген бир иштерден болуп калаары бышык. Ошол эле укук коргоо органдары бир жылдан бери РАИММИЛЛИАРДдын сан жетпес мүлүктөрүн “таппай” суй жыгылып, экинчи ал тууралуу ооз ачкыс болуп, оозуна талкан жутуп алгандай тымтырс болуп калды. Абдукадырдын бизнесин текшерүү деле дал ушул сценарий менен кетет. Бул маселени айтты, айтпады дебеӊиздер, жыйынтыгы дал ушундай болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here