UFC уюмунун президенти Дана Уайт «UFC 247» турниринен кийинки маалымат жыйында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун  беттеши тууралуу пикирин айтты.

«Ал — ушунчалык күчтүү, профессионал. Ошондой эле келечекте жакшы адам бойдон кала берет. Бул кыз — чыныгы гангстер. Ал өзүн мыкты көрсөттү. Анын кийинки мушташын чыдамсыздык менен күтөм. Бул үчөө (Шевченко, Нуньес, Жанг) менен көр нерсе уюштурууга болот. Алар өздөрүнүн дивизионунда калып, иштери менен алектенишин каалап жатам. Келечекте эмне болорун көрөбүз. Шевченко — жырткыч. Ал ар бир мушташта кыйын болуп чыга келет. Бул коркунучтуу», — деди Уайт маалымат жыйында.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 9-февралда Американын Техас штатындагы Хьюстон шаарында өткөн турнирде үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоп калды. Шевченко америкалык атаандашы Кэтлин Чукагянды 3-раундда техникалык нокаут менен утту.

2019-жылдын 9-июнунда Шевченко Жессика Айды нокаутка кетирип, биринчи жолу чемпиондук курун коргоп калган. Ал бул ирет 270 миӊ доллар гонарар алды.

UFC 247: катышуучулардын маянасы:

• Jon Jones: $540,000
• Dominick Reyes: $380,000
• Derrick Lewis: $305,000
• Valentina Shevchenko: $270,000
• Katlyn Chookagian: $130,000
• Ilir Latifi: $100,000
• James Krause: $92,000
• Trevin Giles: $86,000
• Mario Bautista: $77,500
• Kalinn Williams: $73,500
• Mirsad Bektic: $43,000
• Dan Ige: $37,000
• Lauren Murphy: $33,000
• Alex Morono: $30,000
• Justin Tafa: $23,500
• Journey Newson: $23,500
• Youseff Zalal: $23,500;
• Andrea Lee: $22,000;
• Jonathan Martinez: $20,000;
• Andre Ewell: $18,000;
• Juan Adams: $16,000;
• Miles Johns: $15,500;
• Domingo Pilarte: $13,500;
• Austin Lingo: $13,500;

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here