УКМК Бишкек шаарынан 10500 евро өлчөмүндө жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 27 жаштагы жаран 7-февралда кармаганын маалымдады. Маалыматта: шектүү адам жасалма еврону акча алмаштыруучу жайлардын биринин кассири менен бирге сатмак болгондугу айтылат. Учурда кылмышка шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар башка кишилерди аныктоо жүрүп жатат.

Улуттук банктын сайтындагы расмий акчанын курсу менен эсептегенде 10500 евро 800 миң сомго жакын каражат болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here