«Оскар» сыйлыгынын «Жылдын эң мыкты тасмасы» номинациясын Түштүк Кореянын «Мителер» фильми алды.

Бул тасма Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын ушул номинациясын алган биринчи чет тилдүү (корей тилинде) кинокартина катары тарыхка кирди.

«Мителердин» режиссёру Пон Чжун Хо эң мыкты режиссёр деп аталды. Андан тышкары, «Эң мыкты чет элдик фильм» жана «Эң мыкты сценарий» сыйлыктары да ушул тасмага ыйгарылды.

«Мителер» — бай жана кембагал үй-бүлөнүн мисалында социалдык теңсиздик темасын чагылдырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here