Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалымат боюнча стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар экени айтылды. Алардын ден — соолуктары канааттандырарлык. Билим берүүчү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, 9-февралда өлкөдө 97 киши вирустун айынан жашоо менен кош айтышкан. Анын 91и оорунун очогу болгон Хубэй провинциясына туура келет. Жалпысынан вирустан каза тапкандардын саны 908 кишиге жетип, жугузгандар 40 миӊден ашты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here