Апас Бакиров деген ысым кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү. Бул инсан геология тармагында жалпы Кыргызстан боюнча бирден бир чоӊ окумуштуу, академик. Жогорку билимдүү болгондон тартып, тактап айтканда 1957-жылдан баштап, ушул күнгө чейин Улуттук илимдер академиясында тынымсыз эмгектенип, илимди ийне менен казып келет. Айтылуу окумуштуу  атабыз ушул жылдын 12-февралында туура 85 жашка толот. Ушул күнү Улуттук илимдер академиясынын геология институтунда окумуштуунун бейнесине арналган илимий конференция жана өзү 10 жыл жазган НОOКРАТИЯ деп аталган философиялык китептин бет ачары болмокчу. Каалоочуларга эшик ачык. Бүгүн биз Апас ата менен өмүр жолу, чыгармачылыгы, элге кылган ак кызматы тууралуу кеӊири баарлаштык.

(Маектин башы бул шилтемеден окуӊуз…)

“Кен байлыктарыбыз туура, максаттуу иштетилсе  — экономикабызды көтөрөт эле…”

—Апас Бакирович, негизи эреже боюнча кайсы жерден кандай кен чыкса, аны казаардан мурун ал жердин түзүлүшүн, тарыхын, өнүгүшүн толук изилдеп чыгуу керек да?

—Ооба, негизги талапка ылайык ошондой болушу керек эле. Башында бул багытта ошондой эреже абдан катуу кармалбаса да,  жакшы көзөмөлдөнүп,  анан кийин казуу иштери жүрчү. Тилекке каршы, кийин андай болбой калды. Башка элдерде Кыргызстанда кен абдан көп, Менделеевдин таблицасындагы кендин дээрлик баары бар деген түшүнүк бар. Ошон үчүн биздин кенге кызыккандар абдан көп. Кийинки мезгилде кен чалгындоо иштери анча деле ийгиликтүү болгон жок. Көбүнчө союз учурунда табылып, азыраак иштетилип калгандарды эле казып, сатканын сатып жатышат. Бул жагынан мамлекетте катуу көзөмөл жок болуп калды. Эгер башынан абдан дыкаттык менен, катуу тартип менен иштетилсе Кыргызстандын экономикасын көтөрмөк. Мына, Кумтөрдү көрүп жатабыз. Ал жердеги кен кыргыз элинин пайдасына казылып жаткан жок. Тескери иштер көп. Жеке эле Кумтөр эмес, көптөгөн кендерди казуу, сатуу иши экономикага пайда алып келбей жатпайбы. Бул тармак бир топ коррупциялашып кетти да. Кээ бир  атка минерлерде 5-6дан лицензия бар экен. Бул эмне деген мыйзамсыздык? Өздөрүнө ылайыктап алышып, чалмакейди чалып жатышпайбы. Башында биз геологдор  кен маселесине, алардын туура казылышына бир аз аралашып, катышып жүрчү элек. Кийинчерээк кесипкөй геологдордун көбүн четке сүрүп, билими тайкы, тааныштын күчү менен чала-була геолог болуп алгандар бул тармакты калчап калышпадыбы. Азыр геология боюнча мекемеге көрүнгөн тармак, багыттарды кошуп салды. Геологиядан эч бир түшүнүгү жок адамдар, мисалы, касапчы, милиционер сыяктуулар каалагандай калчады да. Чынында негизги иш, өнүктүрүү маселеси экинчи орунга калып калып жатпайбы.

—Сиздердей тажрыйбасы чоӊ окумуштуулардан деле анда-санда кеӊеш алып жаткан жери жок да…

—Кеӊеш деле алышпайт. Бул биринчиден дейличи. Экинчиден окумуштуу, чыныгы кесипкөй адамдардан жетекчилер кеӊеш ала турган болсо ошол эле геология багыты боюнча ынанамдуу кеп айтып, суроо салышы керек да. Анан ага да жарашпаса кайдагы кеӊеш?

—Канча шакирт окумуштууларды тарбияладыӊыз?

—Мен анча көп тарбиялаганым жок. Кээ бирлер топ-тобу менен алып, устат болуп, кандидат, доктор кылып эле чыгарып жатышат. Алар көп учурда сапатына эмес, санына басым жасап жатышканы байкалат. Бул жагы эми жакшы эмес да. Мен илимдин 7-8 кандидатын, 1 докторун  тарбиялап чыгардым. Азырдагы бир жигит докторлук боюнча менден таалим алып жатат. Негизи мен бул жагына анча ашыкпадым. Убактымдын көбү иликтөөгө кетти десем болот. Устат болгонго жараша, мыкты тарбиялап,  күчтүү адис кылуу зарыл. Болбосо айтылып калсын деп чала-була ашыгып устатык кылуунун канчалык кажети бар?

—Сиздин жолду жолдогон балдарыӊыз барбы?

—Балдарымдын баары эле башка багыттар менен кетишти. Башында ушул мен тандаган тармакка кызыккандары да болду. Бир балам азыр гелогия эмес, башка бир багыт боюнча илимдин кандидаты болуп жүрөт.

Академик Апас БАкировдун китептери…

—Илимий багытта жалпысынан канча китеп жаздыӊыз?

—Жалпысынан 10дон ашты.  Акыркы мезгилдерде философиялык багытты көбүрөөк иликтеп калдым.  10 жылдан бери иликтеп,  “Ноократия” деп аталган китебимди чыгардым. Ага чейин “Ноосфералогия” деген китеп жазгам. Көпчүлүк билет, академик Владимир Вернадский ушул Ноосфераны негиздеген үчүн “20-кылымдын чыгаан окумуштуусу” – деген наам алган.

Академик, Апас Бакиров илимий иштерден тышкары жаш кезинен бери комуз чертип, ыр жазып, күү чыгарып келет. Бул өздүк тасмадан академиктин комузга жакын болуп калышы, маданий багыттагы чыгармачылыгы, өзү чыгарган күүлөрү тууралуу маалымат ала аласыздар.

“Акыл-эстин бийлигине басым жасашыбыз керек!”

—Сиз 10 жылдан бери Ноократия деп аталган илимий философиялык китеп жазыпсыз. Буйруса, эмки жума 12-февралда  ал китептин ачылышы болот экен. Эми окурмандарга “Ноократия ” – дегенди кыскача түшүндүрүп берсеӊиз?

—Алгач мен бул сөздү мен Новосибирск шаарында жүргөндө, тактап айтканда 1960-жылдары угуп, кызыгуу жаралып, ошондон бери өз алдымча изилдеп баштагам. Өткөн кылымда бул сөз анча көп колдонулган жок. Азыр болсо абдан арбын колдонулуп жатат. Ноократияны бир сөз менен түшүндүрүп айтканда —  акыл-эстин бийлиги десек болот. Черчиллдин:  “Демократия башкаруунун жакшы эмес формасы. Бирок адамзат андан жакшы форманы ойлоп таба элек”- деген мааниде  айткан таасын сөзү бар. Андан бери заман алмашты, адамзат да өнүгүп жатат. Азыр эми демократиядан жогору турган  — Ноократия пайда болду. Бул боюнча да айта турчу сөз арбын. Кыскартып айтканда азыр дүйнө коомчулугу дал ушул Ноократияга акырындык менен басым жасап баштаса, өнүгүүнүн жаӊы этаптары башталат. Ноократияга басым жасап жаткандар да бар.  Маселен, Россия, Украинада Ноократиялык  партиялар пайда болду. Мына ушул маселелер боюнча менин жаӊы китебимде кеӊири ой-толголор айтылган.

                                                                Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here