Кыргызстандык спортчу чемпиондук курду 2018-жылы польшалык Йоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, дагы бир ирет UFC чемпиону болду. Ал чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргой алды. Беттеш бүгүн Техас штатынын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында өттү.

https://www.instagram.com/ufcrussia/?utm_source=ig_embed
https://www.instagram.com/ufcrussia/?utm_source=ig_embed

Биринчи бөлүктө Шевченко атаандашын басып алып чыканак менен урганда маңдайы жарылып кетти. Экинчи раундда дагы партерде иштеп, күтүлбөгөн соккуларды жаадырды. Үчүнчү раунд башталары менен Шевченко Чукагянды көтөрүп чаап, токтоосуз бетке сокку жасаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here