7-февраль күнү Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында «Качкындар жөнүндө» КРнын мыйзамдарына  өзгөртүү киргизүү маселеси каралганы көпчүлүккө маалым. Бул маселе боюнча Мамлекеттик миграция кызматы төргасы Болот Ибраимжанов баяндама жасап  качкындар мурун ИИМде каттоого алынып келсе, эми Мамлекеттик каттоо кызматына каттоого алына турганын билдирди. Ошондой эле качкын сатусун берүүнүн тартиптери  боюнча да сунуштар айтылды. Мына ушул маселе талкууга алынып жаткан учурда депутат Нурбек Сыдыгалиев күтүүсүз кырадаал болгон учурда, маселен чек арадан  1000 адам, же андан көп адам кирип келсе, миграция кызматы кандай чара көрө турганын, 1 адамдын тамак-ашына канча каражат каралганын  сурады.  Бирок Мигарция кызматынын төрагасы депутаттын суроосуна толук кандуу жооп бере албагандыктан, ал вице-спикер Мирлан Бакировдон бул мыйзам экинчи окуудан каралганда ИИМдин министри менен Чек ара кызматынын төрагасын дагы чакыруу керектигин айтты.

Сыдыгалиев бул маселени көтөргөндөн 1 күн өтпөй, Казакстандын Кордайында тагырагыы 8-февралдын  кечиндеги чыр-чатак чоӊ деӊгээлге көтөрүлүп, жаңжалдан Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, 50гө жакын адам ар кандай жаракат алды.  Алардын арасында эки полиция кызматкери да бар. Бул жаӊжалдан 30дан ашуун турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Укук коргоо органдары тарабынан кырдаалды курчутууга шек саналып 90го жакын адам кармалган. Эки күндүн ичинде Кыргызстанга 4700дөй  адам өттү. Ушу тапта дагы Кыргызстанга чек ара аркылуу өтүүгө кезек күткөндөрдүн саны арбын. Чынында кыргыз өкмөтү мындай кырдаалга анчалык даяр эмес эле.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордайдан Кыргызстандын аймагына киргендер көбөйгөнүн, алар тепловизор аркылуу коронавируска текшерилгенден кийин гана өткөрүлүп жатканын билдирген.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар.Кыргызстанга өткөндөрдү жергиликтүү тургундар тосуп алып, тамак-аш, суу берип жатышат. Ошондой эле алар Казакстандан келгендерди мечиттерге жана үйлөргө жайгаштырып жатышканы маалым болду.

Мигарция кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 206 качкын бар. Алардын көбү Ооганстандан келишкен. Ал эми согуш болуп жаткан Сириядан 79 адам келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here