Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Треокуров көрүстөнүндө жерге берилди.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Айдар Акаев менен коштошуу расмисине 200дөн ашуун адам чогулду. Алардын арасында Акаевдердин жакындары, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү болду.

Троекуров көрүстөнү Москванын батышында Троекуров айылында жайгашкан. Мүрзө 1970-жылдын экинчи жарымында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер үчүн түзүлгөн. Көрүстөндүн администрациясы белгилүү адамдардын мүрзөсүнө экскурсия дагы уюштуруп келет. Андагы бир эле участок бир нече миллион рублга жетиши мүмкүн.

Кыргызстандан тажияга Аскар Акаев бийликте турган мезгилде ар кыл мамлекеттик кызматтарды ээлеген Осмонакун Ибраимов, Кубанычбек Жумалиев, Апас Жумагулов ж.б. бир топ адамдар барган.

43 жаштагы Айдар Акаев 6-февралга караган түнү Москвада каза болгон. Ал акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган.

Айдар Акаев атасы бийликте турган кезде Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, финансы министринин кеңешчиси болгон жана ишкерлик менен алектенген.

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кетип Москвада жашап жүргөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here