Президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда тышкы карызды төлөө боюнча пикирин билдирди.

Президенттин айтымында, Финансы министрлигинде сырттан алынган насыяларды төлөө боюнча атайын башкармалык түзүлүп, иштеп жатат.Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктары берилген жок жана берилбейт», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчынын маалыматында, алдыдагы 10 жылда тышкы карызды төлөөгө жылына 23 млрд. сомдон (335 млн. доллар) ашык каражат жумшалат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here