Бишкектин Ош базарындагы өрт толук өчүрүлдү, адамдардан эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, тилсиз жоо төрт соода павильонунан чыгып, жалпы аянты 270 чарчы метрди түздү. Айырм маалыматтарда өрт жылыткычтан улам чыкканы айтылууда

Таңкы саат 6ларда башталган өрт эртең мененки саат 9га жакын өчүрүлгөн. Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 14 өрт катталып, аларды өчүрүүгө 25 бөлүм тартылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here