Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун сот аткаруучусу жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жибергени белгилүү болду. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктагандай, былтыр 23-май күнү Биринчи Май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.га жүктөлгөн. Бирок Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ал кызматкер этти жок кылбай эле, 150 миң долларга сатып жибергенин аныктаган. Маалыматта: сот аткаруучу болгону 5 тонна этти жок кылганы айтылат. 2018-жылы «Кытайдан мыйзамсыз алынып келди» деген жүйө менен кармалган 80 тонна өрдөк этине байланыштуу чыр эмдигиче аягына чыга элек. Ал окуяда өкмөт аппаратында жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта иштеген аткаминерлердин аттары аталганы белгилүү.

Баныт КЖ.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here