УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку сотко караштуу сот департаментинин мурунку жетекчиси Рустам Ибраимовду кармаганы боюнча маалымат таратты. 1-февралдагы маалыматы боюнча, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар ачыкка чыккан. Мурда катталган соттук өндүрүштүн алкагында Биринчи Май райондук сотунун имаратын оңдоо үчүн жүргүзүлгөн сынакта жеке ишкерден ири суммадагы акча алынганы белгилүү болгон. Тергөө, текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен сот департаментинин статс-катчысы А.А., башкы адис Г.Ж., инженер Ж.Т. жоопкерчиликке тартылган. Соттук департаменттин мурунку жетекчиси Р.И. 31-январда камакка алынды. Ибраимовдун буга чейин да башка кылмыш иштерине шектелип жатканы ЖМКларда көп эле жазылган. Ибраимовго удаа эле анын кол алдында иштеген дагы бир сот  аткаруучу кармалды. Ал Кытайдан мыйзамсыз алынып келген 80 тонна эттин 5 тоннасын 150 миӊ долларга сатып жиберген. Бул иште да Ибраимовдун кулагы көрүнүп жатканы айтылган…

Багыт КЖ.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here