Өтүндөгү ташын алдыртыптыр – деп угуп жүрөбүз. Бирок, ошол таш эмнеден улам пайда болот, көбүбүз биле бербесек керек. 

Өт кислотасы бактериялардын пайда болушун жөнгө салат

Өт – сары, күрөң же жашыл түстөгү, даамы ачуу, жыты бар орган. Ал тамак сиңирүү менен байланышкан ар түрдүү кызматтарды аткарат: тамактын карындан ичегилерге өтүүсүн камсыз кылат, тамактын сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин затынын иштешин жөнгө салат. Өт кислоталары болсо ичке ичегинин иштешин активдештирет, холецистокинин жана секретин гормондорунун иштешин жөнгө салат жана бактериялардын пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле белоктордун сиңиши үчүн маанилүү болгон ферменттерди активдештирет. Андан сырткары өт бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Холестерин, билирубин сыяктуу заттарды бөйрөк тазалай албайт, алар организмден өттүн жардамы менен бөлүнүп чыгат. Организмдеги холестериндин 70 пайызы өттүн жардамы менен заң аркылуу бөлүнүп чыгарын адистер айтып келишет.

Туура эмес тамактануудан жана майлуу тамакты көп жегенден улам өттө таш пайда болот

Туура эмес тамактануудан, өсүмдүк майларына караганда жаныбарлардын майын көп колдонуудан, ашыкча салмактуулуктун негизинде май алмашуунун бузулушунан, боордо инфекциянын топтолушунан жана боордун уулануусунан улам өттө, боордо, өт жолдорунда кум пайда болуп, ал бара-бара ташка айланат. Өттө таш жаш өткөн сайын көбөйөт. 80 жаштан жогорку аялдардын 45-50 пайызы ушул оору менен оорушат. Ал эми эркектерде аялдарга салыштырмалуу 3-5 эсе аз, жаш балдарда да аз кездешет. Өттө таштын бар экендиги билинбей жүрүп, таш чоңойгондо же көбөйгөндө гана алгачкы белгилери билине баштайт.

Стеаторея оорусу витаминдердин жоктугунан улам келип чыгат

Бул оору организмде май кислоталарынын, майлардын, витаминдердин жоктугунан, ичегилердин ылдыйкы тарабынын оорушунан пайда болот. Мында өттө майды сиңирүүчү өт кислоталары жетишсиз болуп организмдеги майлар сиңбей, заң аркылуу сыртка чыгып кетет. Заңдын өңү ак же боз болуп өзгөрөт.

Холецистит

Өттүн сезгениши холецистит деп аталат. Бул өтө кооптуу жана кеңири жайылган.  Заматта кармаган түрү курч холецистит, акырындык менен байкалган түрү өнөкөт холецистит болот. Бул оору көбүнчө 40 жаштан өткөн аялдарда кездешет. Мында дене табы 38-39 градуска көтөрүлүп, дененин оң жак тарабы чыдатпай ооруйт. Өнөкөт холециститке кабылган учурда өттү алып салууну сунушташат.Өт полипи. Бул дарт дүйнөдөгү адамдардын 5 пайызында кездешет жана анча коркунучтуу эмес. Бирок зыяндуу шишик түрүндө да кездешпей койбойт. Аны хирургиялык жол менен гана дарылашат.Өттүн рагы. Өт рагы оорусу көбүнчө 50 жаштан өйдө аялдарда кездешет. Шишик акырындык менен өттүн бардык тарабын жабыркатып, боорго таркайт. Эң негизги алгачкы белгилеринин бири – оң кабырганын астынын оорусу, өзгөчө түнкүсүн оорунун күчөшү.

Аз кыймылдуу, кеч тамак жеген да өт оорусуна алып келет

Өт оорулары негизинен туура эмес жашоо образын алып жүргөндөн тышкары ачуу, майлуу, туздуу тамактарды, ун азыктарын көп колдонгондон пайда болот. Анан кыргыздар кечки тамакты өтө кеч жеп, тоюп алып жатабыз. Мына ошондон да тамак сиңирүү бузулуп, натыйжада өт жабыркайт. Андан сырткары аз кыймылдоо да өт ооруларынын пайда болушуна алып келет. Өт ооруларына чалдыккан адамдын кускусу келет, кусат, өзүн толуп кеткендей сезет, ичи катат. Анан тамак ичкенден кийин кыйналат, бир аз жесе эле тойгонсуп калат, ичи көбөт жана кекире берет. Мына ушулардын баары өттүн жабыркагандыгын билдирет. Бул эң олуттуу маселе. Азыркы учурда жадагалса жаштардын өтүн алып салган учурлар көп кездешүүдө. Бул, албетте, оорунун алдын албагандан, убагында дарыланбагандан болууда. Көбүнчө өтүндө ташы көбөйүп кеткенде өт алынып салынат. Өттөгү майда таштар бара-бара чоң таштарга айланып боорго терс таасир этет, кээде өттөн ылдый жайгашкан органдарга – карын астындагы безге, он эки эли ичегиге, башка ичегилерге түшүп кетет. Натыйжада тамак сиңирүү системасы бузулат. Мына ушул убакта башка органдарга зыян келбеши үчүн өттү алып салат.

Элдик медицинада өттү дарылоо

Лимон ширеси менен тазалоо. Бул процедура бир жума жүрөт. Тазалоодон мурда 2-3 күн клизма жасоо жана 1 литр сабиз ширесин жана 250 мл бадыраң менен кызылча ширесин аралаштырып ичүү керек. Андан соң 10-12 стакан кайнак суунун ар бирине бирден лимондун ширесин кошуп ар бир 2 саатта ичесиз. Бул ыкма оор, бирок натыйжалуу. Тазалоо учурунда оору күчөшү мүмкүн. Кийинчерээк басылып, өттөгү таштар кум түрүндө заара аркылуу чыгып кетет.

Грейпфрут ширеси жана зайтун майы менен тазалоо. Тазалоону баштардан бир күн мурда ач жүрүп, кечкисин клизма жасайсыз. Андан соң грейпфрут ширеси менен зайтун майынан бир стакандан ичип, 30 мүнөттөй эч нерсе жебейсиз. Бул учурда кускуңуз келиши мүмкүн. Мындай процедураны 7 күн кайталайсыз. Экинчи күнү эле өттөгү таштардын сыртка чыкканын байкасаңыз болот.  

Салтанат Саламатова                                                                                                              

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here