Өткөн жекшемби күнү Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев, Экономика министринин мурунку орун басары Эльдар Абакиров, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай баштаган үчилтик Кыргызстан либерал-демократтар партиясынын бетачарын өткөрүштү. Үчөө теӊ өздөрүн жалаӊ жаштар жана караапайым адамдар колдой турганын, эч кандай каражат жок эле, шайлоого жылаӊач баатыр болуп чыгып жатышканын саймедирешти. Алар шайлоого кетчү каражатты элден сурап, каалоочулар Эл сом аркылуу кошумча беришсе боло турганын  билдиришти. Дагы: “2023-жылы биздин партия президенттикке талапкер чыгарат”-деген дымактуу ойлорун ортого салышты. Булардын  азырынча “ артыбызда эч ким жок” – деп айткандарына көпчүлүк ишенбей турушат. Айрымдар Раиммиллион көмүскөдөн каржылайт десе, айрым ЖМКлар Жанардын Американын  чиновниктери менен жолугуп жүргөнүн сүрөттөрү менен кошо чыгарышты. Эмнеси боло да КЛДПнын кыбыр эткен кыймылы элдин көзөмөлүндө болот. Азыр элден эч нерсе жашыра албай калган заман эмеспи…

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here