Голливуд жылдыздары  Женнифер Лопес менен  Шакиранын чогуу ырдаган видеосу талкуу жаратууда. Жылдыздар Майамиде өткөн америкалык футбол боюнча Супер Кубоктун (Super Bowl 2020) финалынын тыныгуу маалында чогуу ырдашкан.

Ырчылардын чогуу ырдаганы көрүүчүлөрдүн көбүнө жакты. Алардын видеосу 2 күндө 80 миллиондон ашык көрүү топтой алды. Ошентсе дагы ырчылардын ачык кийимдери жана уяттуу жерлерин жашырбай кыймылдаганын камера аябай жакын алып көрсөткөндүктөн, жактырбагандар да болду.

 «Мындай көрсөтүүнү үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу көрө албайсың», «Бул эки жылдызды аябай жакшы көрөм, бирок бийлегендери бүгүнкү иш-чарага дал келбейт» деген пикирлерин калтырышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here