Жээнбеков Коопсуздук кеӊешинде коррупция жана качып кеткен Алмаматов деген кургурдун маселесин айтып олтуруп жанында олтурушкан Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго: “Мага сөз тийип жатпайбы! Баарыӊар былтыйып олтурасыӊар”- деп айтып, катуу тилдеди эле. Экөө ошол сөздөн кийин тилдерин тишке катып, ак же, көк деп жооп айтканга жараган жок. Эми алар президентке каяша кылгансып, “кантип жооп кылабыз?” – деп ойлошсо керек. Бирок президенттен да маанилүү жалпы эл деген бар. Президентке  кошоматын кылып, үстүлөрүнө үйдөй балээни үйсө да жооп бербей эле коюшсун, бирок анчалык “былтыйышпай” элге жооп бериши керек эле. Болбосо  барган сайын азайбай эле көбөйүп жаткан коррупция ж.б. маселелер боюнча өздөрүнүн жоопкерчилигин сезип, кызматын тапшырып кетип калышса эл ыраазы болмок. Бирок кыргыз атка минерлерине андай сапат таандык эмес. Ал үчүн баары кайрадан төрөлүп, башкача болуп тарбияланышы зарыл.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here