Апас Бакиров деген ысым кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал. Бул инсан геология тармагында жалпы Кыргызстан боюнча бирден бир чоӊ окумуштуу, академик. Жогорку билимдүү болгондон тартып, тактап айтканда 1957-жылдан баштап, ушул күнгө чейин Улуттук илимдер академиясында тынымсыз эмгектенип келет. Айтылуу окумуштуу  атабыз ушул жылдын 12-февралында туура 85 жашка толот. Ушул күнү Улуттук илимдер академиясынын геология институтунда окумуштуунун бейнесине арналган илимий конференция жана өзү 10 жыл жазган НОOКРАТИЯ деп аталган философиялык китептин бет ачары болмокчу. Каалоочуларга эшик ачык. Бүгүн биз Апас ата менен өмүр жолу, чыгармачылыгы, элге кылган ак кызматы тууралуу кеӊири баарлаштык.

“Студент кезде Кыргызстанда калай кенин ачтым”

 —Апас ата, алгач жердин түзүлүшүн, жердеги ар кандай кендерди изилдей турган геология тармагын кандайча тандап алганыӊызды айтып берсеӊиз?

—Менөзүм тоолуу Нарын аймагынан болом. Бала кезимден тоого жакынмын. 10-классты 1952 –жылы бүтүп, адегенде Улуттук университетте 2 жыл окуп калдык. 3-курска келгенибизде  Политехникалык институт ачылып калып, бизди ошол окуу жайга которушту, ал жерден геология факултетин 1957-жылы бүтүрдүм. Окууну бүткөн жылы эле Улуттук илимдер академиясынын геология институтуна жиберди. Ошол жылдан ушул күнгө чейин аталган институтта иштеп жүрөм. Менин автобиографиям абдан кыска. Туулдум, окууну бүттүм, бир институтта 63 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келатам дегендей. Мен көбүнчө геология багытынын илимий жагын изилдеп жүрүп, карып ушул жашка жеттим.

—Ошондой болсо да тоо-ташты аралап, кен изилдеген учурларыӊыз болду да…

—3-курста окуп жүргөнүмдө кен изилдөө иштерине катыштым. Ысык-Көлдүн Сырт жайлоосунда кен изилдеп калдык. Ал жерде  калай (олово) кенин ачканбыз. Негизи ал кенди мен ачтым десем болот. Бул боюнча айтып берейин. Менин Плюшкин деген жетекчим: “Сен атайын жабдык менен  суудан кен чыга турган таш, кумдарды салып, чайкап-чайкап, анан оор нерсеси түбүндө калат, аны кадимки эле ташпы, же андан башкабы, ошону айырмалап билишиӊ керек”- деди. Мен ал айткандай кылып, үйрөндүм. Жайдын күнү. Үч- Кошкон  деген жерге келип конуп калдык. Эртеси ал жерден сайдын суусунан атайын жабдыкка таш-кумду салып жууп олтурам. Көпкө жуудум. Деле бөксөрбөйт. Өзүм да бул жерде кандайдыр бир кен бар деп тургам ичимден. Аӊгыча, жетекчим келип: “Сен көпкө олтуруп калдыӊ” – деп үӊүлүп карап, кубанып шашып чатырга чуркап кетти. Цинк пластинкасы менен кислотага тиги мен тапкан нерседен салып, реакция кылып көрсө, калайдын реакциясы чыкты. “О, калай турбайбы”- деди. Эртеси эртеӊ менен жабдыктарыбызды алып, сайга барып, дагы изилдеп атып, акыры аныгына жеттик. Кыскасы, ал жерден  байкап казып атып, акыры калайдын чоӊ запасын таптык. Эки жумадан кийин бир топ жумушчулар келишти. Алар биз көрсөткөн жерлерди казышты. Ошентип, калай  кени ачылып калды. Кийинки жылы дагы кененирээк изилдөө болду.

—Ошол калай кени казылып алындыбы?

—Жок. Союз мезгили урап калгандан кийин ал кенди казып алуу иши токтоп калды. Запасы канча экени деле эсимден чыгып калды. Себеби, мен  андан кийин ал багыттагы иштерге аралашканым деле жок, негизинен илимий иштерге  басым жасап кеттим. Бирок кийин бул кенди менин ачканымды баса белгилешип,  автор катары белгилешип,  тийешелүү министрликтин “Первый открыватель” – деген медалы менен сыйлангам. Бул сыйлык мага башка сыйлыктарыма караганда бир топ жогору сезилет.

—Геология деп жалпы айтканыбыз менен бул  тармак деле бир топ багыттарга бөлүнөт да. Сиз көбүнчө кайсы багытына ыктадыӊыз?

—Туура. Геология абдан чоӊ  тармак, чоӊ илим, абдан кызыктуу, бир чети татаал, өзүнө каткан сырлары да көп дегендей. Ошон үчүн көп багыттарга бөлүнөт. Мисалы, кен жаткан жерлерди эмес, жалпы эле жердин катмарын, түзүлүшүн изилдеген негизги бир багыты бар. Мындайча айтканда ал жердин мурунку тарыхын, кандай деӊиздер болгонун, катмары кандай, кургакчылыгын ж.б. Мына мен ушул багытта көбүрөөк эмгектендим. Бул жагынан алганда көбүнчө Чүй жергесинде  практикалык иштерди аткардым. Чоӊ Кемин өрөөнүндө чоӊ талаш-тартыштар болгон. Себеби, мурунку геологдордун иликтөөсү бири-бирине дал келбей калган. Ал жерде Ак –Түз, Боорду кендери бар. Ал кендердин убактысын,  ордун, түзүлүшүн табуу иштерин жүргүзүү керек болду. Бирок ал  кендерге жетпей эле бери жактан бир жакшы тема табылып калып,  1968-жылы  илимдин кандидаттыгын жактадым. 1973-жылы декабрь айында: “Метаморфизм горный парод”  — деген чоӊ темада   Новосибирск шаарында докторлук ишимди жактадым. 1975 — жылы  илимдин доктору болдум. Метаморфизм дегенибиз – бул таштардын ар кандай кырдаалда, жаратылыштын кубулушуна жараша өзгөрүп кетиши. Мисалы, ысык-сууктан, табигый сырлардан. Бул эми көбүнчө жердин астындагы кубулуштар. 100 чакырымга чейин тереӊге түшүп кетет. Бул татаал багытты өздөштүрүш үчүн математиканы, физика, химияны да билүү зарыл. Мен бул илимдерди да өз алдымча иликтеп окудум. Мага чейин Кыргызстанда  метаморизмди иликтеген адам жок болчу. Бул багытта атайын иликтеген китеп чыгардык. 1984-жылы Улуттук илимдер академияга мүчө–корреспендент, анан 1997-жылы академик болдум.  

—1973-жылы илимдин доктору болгон соӊ бул багытта да окумуштуулук, илимий иштериӊизди тереӊдеттиӊиз да…

—Ооба. Андан кийин да жердин өзүнүн түзүлүшү тууралуу ой жүгүртүп, дагы да тереӊдетип иликтей баштадым. Бул үчүн философияны өздөштүрбөсө башка багыттагы билим жетиштүү болбой калат  экен. Чынында жердин негизги карама-каршылык  философиясы толук чечиле элек болчу. Мен көп жыл иликтеп жүрүп жетиштүү деӊгээлде чечтим деп ойлойм. Бирок менин бул эмгегим боюнча башка окумуштуулар, жалпы эле илим-билимдүү адамдар айтып, баса белгилеген жери жок. Эми кыскача айтайын. Жерди изилдей келсек, жер ядро, мантия баштаган бир нече катмардан турат. Кийин жерде жер титирөөлөр көбөйгөндөн улам жалпы жер катмары дагы өзгөрдү. Дагы бир багытында “Черная дыра” деген түшүнүк бар. Айтор, бул багытта айта берсек абдан татаал. Баарын чечмелеп айтуу үчүн абдан көп сөз. Менимче, окурмандардын баары эле буга кызыккан жок. Азыр татааал илимди эмес, жакшы кийимди, жакшы акчаны самаган жаштар көп болуп жатпайбы. Тилекке каршы, илимди айтпаганда да, билимдин да деӊгээли түшүп кетпедиби…

Туура айтасыз. Биздин мамлекеттин жеринин түзүлүшүнүн артыкчылыктары эмнеде?

—Кыргызстандын жер түзүлүшү боюнча атайын китеп жазгам.  Биздин мамлекетте геологиялык, минералдык ж.б. карталар бар. Ошол карталарга  түшүнүк катары иш жүзүндө көп иликтеп жазылган. Негизи континет жана океан деген бар. Экөөнүн айырмасы бул: жерде граниттик катмар бар, ал эми океанда андай катмар жок. Соӊку мезгилдерде айрым жерлерде (мамлекеттерде) жердин граниттик катмары ачылып, жарылып кетүү коркунучу туулуп калды. Мисалы, түштүк араб өлкөлөрүндө Кызыл деӊиз, Өлүү деӊиз дегендер ачылып келатат. Кийин ошолор океанга өтүп кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстандын жеринде үч океандын изи бар. Алар: Иле, Сак (кадимки сак уруусунун атынан) жана Түркстан.

—Демек, ал океандар качандыр бир замандарда Кыргызстандын аймагында болгон экен да…

—Ооба. Эми ал үч океандын изин иликтеп көрсөк, башка да океандардын издери бар. Алардын аттары азыр бизге  белгисиз. Ачылып –жабылган жерлерде абдан көп кыймыл болот. Түркстан, Алайдын түштүгүндө дагы бир океандын, түштүгүндө дагы бир окендын изи  бар. Ал океандын изи  жерлерден нары Памир аймагына өтүп кетет. Ал аймакта дагы бир океандын изи бар. Жалпылап айтканда Кыргызстанда качандыр бир замандарда болгон 4-5 океандын изи бар. Булар боюнча иликтөөлөр болгон. Бирок дагы да тереӊдетип иликтесе болот. Биздин Тянь-Шандын өзгөчөлүгү ушунда. Ушул себептен Кыргызстан пайдалуу кендерге да абдан бай. Азыр кендер толук ачылып бүтө элек. Бизден мамлекеттин аймагындагы жер түзүлүшүн, кендерин союз учурунда чоӊ-чоӊ окумуштуулар изилдешкен. 100 пайыз болбосо да, жарымы жакшы изилденген.

(уландысы бар )

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here