Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев Жогорку кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетине вице-премьер-министрлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап көрүүнү сунуштады. Өкмөт башчы Асрандиев өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине толугу менен жооп берерин билдирип, муну менен 1-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жүктөлгөн милдеттердин бир бөлүгү алынарын ачыктады.

Анын айтуусунда, Разаков чек ара маселелерин чечүүгө көңул бурат, ал эми коңшулар менен экономикалык карым-катыш, алака маселесин, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен мамилени чечүү вице-премьер-министрге, тагыраагы Эркин Асрандиевге жүктөлөт.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 3-февралда кызматынан бошотуу арызы менен президенттин атына кайрылган. Премьер-министр Аскаровдун талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуштаган.

Эркин Асрандиев учурда Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондун жетектейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here