Кытайда коронавирус жугузган кишилердин жалпы саны 17 миңге жетти. Ооруган адамдардын ичинен 361 адам каза болду. Ал эми Филиппинде бул оорудан бир киши каза болгон. Ал Ухандан келген 44 жаштагы киши болуп чыккан. Бул жугуштуу оору дүйнөнүн 20дай мамалекетине тарады. Кытайдын коронавирус оорусу чыккан Ухань шаарында миң адамды бир учурда дарылай турган заманбап оорукана он күн ичинде курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Ал орукананын жалпы аянты 25 миң чарчы метр. Ал жерде Кытай армиясынын 1400 дарыгери эмгектенмекчи. КЫтайдын кыргызстандык 18 студент Бишкекке келип, алар атайы көзөмөлдө дарыланып жатышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here