Белгилүү меценат, кыргыз элинин мекенчил уулу Аскар Салымбеков Кытайдын чыккан коронавируска карыш күрөшүүгө өз салымын кошо турганын билдирип, бул тууралуу ал өзүнүн пикрин соцбаракчасына мындайча жазды:

Акыркы убактарда биз, бардык дүйнө жүзүндөгү адамзаты, Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдеттин кулачын кең жайып, алаамат вирустан жабыркаган адамдардын саны күн санап өсүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул көрүнүш башка Кыргызстандык жарандардай эле менин да тынчымды алып, кошуна мамиледе болуп келген коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын.

Бүгүн, биздин коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз. Дордой Ассоциациясы кытай элине жардам берүү жана колдоо максатында 50 000 маска алып, ӨКМге тапшыруу чечимин кабыл алды.

Бул илдетке чалдыккандардын бардыгына тезирээк оорудан арылып, сакаюу менен бирге, бекем ден-соолук каалайбыз!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here