Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Россия менен Армениядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган. Мындан ары ал Греция жана Черногориядагы элчилик кызматын айкалыштырып иштей турганы айтылат. Башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here