Кыргызстан коюлган шарттарды аткарса Дональд Трамптын «кара тизмесинен» алты айдан кийин чыгышы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын КРдеги элчилигинин консулу Алисса Бибдин билдирүүсүндө айтылат.

3-февралда, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасында онлайн баарлашуу уюштурган. Анда дипөкүлчүлүктүн консулу Алисса Биб түзүлгөн жагдай боюнча кыргызстандыктардын суроолоруна жооп берген.

«Үй-бүлө мүчөлөрү Америкада жашагандар үчүн бир нече жеңилдиктер бар. Коюлган чектөөлөр көбүнчө визалык лотереянын жеңүүчүлөрүнө таасирин тийгизет. Визалык чектөөлөр күчүндө турган маалда алар АКШга бара албайт». Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтып, башка критерийлерди дагы аткарышын каалайт элек. Себеби бул тизме ар алты ай сайын кайра каралып турат», — деди консул.

https://www.facebook.com/usembassy.bishkek/videos/2645472275502341/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here