Акыйкатчынын маалымат кызматы кылмыш ишинин материалдары жоголуп кетип, аялдардын абагында 11 жылдан бери өкүмү жок эле жазасын өтөп жаткан аял сот залынан 30-январда бошотулганын кабарлады. Бул ишти Токмок шаардык соту караган. Ал аял абакта 2008-жылдан бери жазасын өтөп жаткан. Маалыматта: « Токмок шаардык соту 2008-жылы 14-июнда Э.К. аттуу аялды күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Чүй облустук соту ошол эле жылы 9-сентябрда бул чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Аялдын күнөөлүүлүгүн аныктаган соттун чечими болбосо да ал абакка жиберилгени» — айтылат.

Ал аял акыры өткөн жылы ишке кирген пробация мыйзамдарына ылайык, өзүнүн жазык ишин кайра кароосун өтүнүп, Токмок шаар сотуна кайрылган. Бирок анын арызы каралбай бир жылга чейин созулуп кеткдикен, Акыйкатчыга кайрылган. Акыйкатчы аялдын өтүнүчү боюнча Башкы прокуратурага кайрылганда, аялдын жазык иши жоголуп кеткени аныкталган.

Учурда жазык ишинин жоголуп кетишине жол берген кызматкерлердин ишин УКМК карап жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here