ӨКМ Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы автокырсыктан кийин чыккан өрттөн жети киши каза тапканын кабарлады. Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Кырсык 3-февралда таңкы саат 03:30 чамасында болгондугу кабарланды.

Кырсык болгон жерге алты куткаруучу, бир Тез жардам бригадасы жана милиция кызматкерлери барган. Өрт саат 4:35те толук өчүрүлгөн. Автоунаанын ичинен 7 кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдарды Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here