ИИМдин кызматкерлеринин маянасы 2020-жылдын 1-январынан баштап 40 пайызга жогорулаганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта: буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сом болсо, эми ал 19 миң сомду түзөт деп айтылат.

Ошондой эле убактылуу батирде турган кызматкерлерге акча төлөнөт. Эгерде Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, аймактарда 7 500 сом берилет. 2020-жылдын 3-февралынан баштап ички иштер органдарындагы кызматкерлер келишим менен иштешет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here