Эстутум

Акын жөнүндө сөз

О, кайран гана алтынжаак, жезтаңдай акын, Дайырбек Стантегин, өлбөй кал! Узакка созулган оорунун кесептинен улам, өткөн жылы жайында, акындын көзү сүзүлүп, жүрөгү үзүлүп калбадыбы, аттиң! О, бир ташы кем, дүнүйө!

***

Мен аны, бала чагымдан бери, жакшы билээр элем. Өзүн көрө электе, ырлары менен таанышкам. Дале эсимде… Мектеп босогосун аттап, бирдеме окуганга жарап калган кезимде, жумгалдык жаш калемгердин ысымы жүрөгүмө уюп калган, акылыма агылып, эсиме эгилген. Ошол кезде “Кыргызстан пионери” жана “Жаш ленинчи” деген гезит-журнал бар эмес беле… Ооба, мектеп окуучуларына арналып, Фрунзеден жарык көрчү. Кыргызстандагы баардык мектептерге жетчү. Мына ушу басылмаларга “чымыны бар” жаш калемдин ырлары жайнап чыкчу. Ошол ырлардын аягындагы кара тамга менен басылган “Дайырбек Станов, Жумгал районундагы, Кайырма орто мектебинин 10-классынын окуучусу” деген жазуулар күнү бүгүнкүдөй, көз алдымда турат.

(Менин уялаш агам Сүйүналы да ыр жазчу, акын болчу. Байкем экөөбүз, адабият жөнүндө көп сүйлөшөөр элек. “Оо, Дайырбек, өтө зор акын! Дакемди, гений деп айтсак да ага бу сөз жарашат! Ыр китеби басылбай, бактысы ачылбай, арманда жүрөт!” деп калчу, байкем кайбирде.

Сүйүналы менен Дайырбек өтө ынак достор эле. Агамдын жаш өмүрү табышмактуу жана трагедиялуу аяктаганда, Дайырбек байкемдин жылдызы көктөн тайгылып, өтө кайгырып жүрдү. Ал жарадар болгон кийикке окшоп, жалгызсырап жүрдү…

Мен Сүйүналы агамдын ордуна, Дайырбекти өз агамдай тутундум. Эми, карабайсыңарбы, аттиң! Бу жарык дүйнөдө Сүйүналы да, Дайырбек да жок! О, бир ташы кем, дүнүйө!)

***

            Менин адабият жолундагы бактым тоодой экен. Студент кезимде, Шайлообек Дүйшеев, Нуралы Капаров деген чоң акындар менен чогуу окудум. Университетти бүтүргөн соң, Жумгал райгезитинде иштеген Дубаш Калназаров, Дайырбек Стантегин аттуу зор акындарга жолуктум.

            Таланттуу адамдардын таасири тийет экен. Айрыкча, Дайырбек Стантегин менен райондук гезитте – “Демилгеде” жети жыл ийиндеш иштегеним, мени акын катары тарбиялады.

            Мен Дайырбек Стантегинди, өзүмдүн устаттарымдын бири иретинде эсептейм. Бул акындын шакирти экендигиме сыймыктанам.

***

            “Демилгедеги” жылдыздуу жылдар Дайырбек байкем экөөбүздүн ортобузга жылуу мамиле, ысык ымала орнотту. Бизди жакындаштырган поэзия дүйнөсү эле. Ооба, биз ыр жөнүндө көп сүйлөшөөр элек. Жарыша ыр жазып, жалбырттап ыр окучубуз.

***

            Бир жолу, ал машинкага басылган ыр жыйнагынын кол жазмасын колума карматты. Үч күнү бою, баш көтөрбөй окудум. О, Дайырбек Стантегиндин ыр дүйнөсү, керемет экен! Ошондо, бу акындын ыр дүйнөсү мага төмөнкүдөй сезим-туюмдарды тартуулады:

  • Ал энесинин курсагынан акын болуп туулган белем… Атаганат, Дакем, жасалмалуулугу жок, адабий таасирлер жукпаган, тубаса акын экен!
  • Дайырбектин ырлары тоо дайрасына окшоп, күү-шаа түшүп, агылып турат, турбайбы!
  • Анын ырлары жоргосу жолго төгүлүп, улам кызып, эргип чуркап бараткан жоргого окшойт!

Акындын айтымында, ал мектеп босогосун аттаганда эле, жети жашында ыр жаза баштаптыр. Анда, Дайырбек Стантегиндин “Поэзия” аттуу ырын окуйлу, урматтуу окурман!

Поэзия, сени сүйдүм эң алгач,

Мээримине кана электе апамдын.

Мээримине кана электе атамдын…

Ким экеним биле электе өзүмдүн,

Сөөгүмдөн өтүп кеткен жарыгың.

Карек нуру ката электе көзүмдүн,

Сенин сулуу ырайыңды тааныдым.

Өзүң болдуң кубанычым биринчи,

Сен аркылуу ыйлаганды үйрөндүм.

Сен үйрөттүң улуу кыргыз тилимди,

Азуум чыкты уйкашынан сүйлөмдүн.

Кийин билдим, бул дүйнөнүн кейбирин,

Жыргал-куурал, түгөнбөгөн жаңжалын.

Алп акындар баскан жолду маанектеп,

Атак-даңкты сен аркылуу аңдадым.

Жашоо-өмүрдө канча жашайм, ким билет,

Мезгил көктөн тып-тып тамат ый-жаштай.

Жалгыз чындык; ырдай берем дилдиреп,

Калганчакты кара жаным уйкашпай!

            Дайырбек акын жогорку ырында, толкундап, термелип, ыргалып ырдагандай, ал өзүнүн бүт жашоо-өмүрүн поэзияга арнап салган болчу.

***

Ал он жашында, Улуу Манас Ырына сүңгүгөн. Узунунан жата калып, күндүр-түндүр күпүлдөп “Манас” окуптур. Окуй берип, чарчап, эси ооп жыгылып калганда гана атасы баласын өйдө көтөрүп, төшөккө жаткырып, уктатып койчу экен. Ошентип, “Манас” окуп жүрүп, Дайырбек бала делбетап болуп, ооруптур.

Көзүнө бирдемелер көрүнүп, ээлигип-жээлигип, үйүнөн качып кетчү экен. Бу делбетап бала Боз-Бешикке отуруп алып, Манас айтчу экен. Атасы Стан издеп барып, жапан дөбөдө Манас айтып жаткан уулун атына өңөрүп, үйүнө апкелчү турбайбы.

            “Баламды жин-шайтан даарыды! Айланайындар, жардам бергиле!” деп Стан, молдо-бакшы чакырып, уулуна дем салдырат, бүбү кемпирди апкелип, эм салдырат. Доктурга ийне сайдырат…

            “Ошондо, мени жин-шайтан даарыбай эле, Манас даарыган турбайбы… Дарылатпай, жөн эле коюшканда… Мен чоң манасчы болмок экенмин!” дечү Дакем, ойбешикте термелип.

            Ал “Манас” эпосунун сюжеттерин жана окуяларын жакшы билчү. Жорго сөз түрүндө о, биркыйлага дейре, куюлуштуруп айта алчу. Атургай, кайбирде “Жолой менен Кошойдун күрөшкөнүн”, “Алмамбет менен Чубактын чатагын”, “Манастын хан ордого өкүрүп түшкөнүн”, жамгырдай төгүп, мөндүрдөй сабап жиберчү.

            Дайырбек Стантегин – Манас дүйнөсүнөн агылып чыккан акын!

***

            Дакем, башка жазуучу-акындарга окшоп, өзүн-өзү жогорулатуу, таалим алуу, үлгү үйрөнүү мүдөөсүн көздөп, дүйнөлүк адабиятты казып окуган жок.

            Ошо, окубаганы жакшы болуптур. Ал өзүнө, асмандан купуя агылып түшкөн ыр духту, жансоолугун, акындык дүйнөсүн таза сактады. Дайырбек бөтөн акындарга жетеленген жок, эч кимди ээрчиген жок, туураган жок! Стантегин башка акындарга окшобой, Стантегин бойдон гана калды.

***

            Ал Мидинди өтө жактырчу, жакшы көрчү, кумир тутчу. Алыкулду жактыра берчү эмес. “Мидин элдин акыны, Алыкул адабияттын акыны! Элдин акыны болуш өтө кыйын, адабияттын акыны болуш оңой эле” деген сөзү, дале жадымда. Ал эми, Байдылда жөнүндө сөз болгондо “Байдылда акын эмес, чечен!” деп айтканы, эмдигиче эсимде.

            Дайырбек байкем, жашоо-турмуш жана адабият жөнүндө жаңыча, башкача ой жүгүрткөн, тескери сүйлөгөн, кызык киши болчу.

            Ал ыр окуп атканда, эки көзү от алышып, мадыл мышыктын көзүнө окшоп, күйүп турчу.

***

Дакем, мыкты журналист эле. Мага ал “Демилге” гезити үчүн жаралгандай сезилчү. Жумушка элден эртерээк келип, кагаздан баш көтөрбөй калем шилтеп, жаза берчү. Өтө тез жазчу. Бу журналист түшкө чейин эле 15, 16 бет макалалар түрмөгүн жазып салчу.

            “Демилгенин” майрамдык сандарына дайыма “Достук азилдер” жарыяланаар эле. Ошо, азилдердин автору Дайырбек Стантегин болчу. Жаңкы азилдерди окуган киши жадырап-жайнап, жыргап, каткырып, күлүп турчу.

            “Д. Стантегиндин Достук азилдерин окуйбуз!” дешип, гезит сурашып, окурмандар редакцияга көп келишээр эле.

***

            Райондук гезитте иштеген журналисттердин баардыгы, арак ичээр элек. Макаланы тез жазгандай, арак ичип атканда, Дайырбек байкебиз, бат эле мас болуп калчу. Ал кууланып, сактанып, ченеп ичкенди билчү эмес.

            Дале эсимде… Чаектин жалгыз, узун, чоң көчөсүндө оңду-солду теңселип, үйүн көздөй мас болуп бараткан Дайырбек байкем, күнүбүгүнкүдөй, көз алдымда турат.

            Бирок, Дайырбектин жинди сууну элден бөтөнчө ичкенине, дайыма алабуурул болуп жүргөнүнө карабай, эл аны жаман көрчү эмес, өтө жакшы көрчү. Улуу-кичүү дебей, элдин баары, аны сыйлап-урматтап турушчу.

            Эгер, баштагы күнү, Дакемдин мас болуп жүргөнүн көрүшсө, башкаларды айтпай эле коёюн, эртеси сот, прокурор, милийса начальниги анын башын жазып берээр эле. Атургай, бир жолу, райондун акими өз кабинетине чакырып, башын жазган.

            Мен ушуга, таңгалаар элем… А көрсө, Дайырбек Стантегиндин мыкты акындыгы, анын жамандыгын жеңип салчу турбайбы…

            Кайран, Дайырбек байкем эске түшкөндө, элден бөтөнчө ичишкен Мидин, Райкан, Байдылда эске түшөт. Эл бул акындардын да ичкендерин эмес, жазгандарын жогору баалаган экен.

            Улуу жазуучу Михаил Пришвин минтип айтат: “Мейли, акын арак ичип, мас болсун! Тамтаңдап, ойго-тоого урунсун! Маа десе, аңга түшсүн! Эгер ал, чыныгы поэзия жарата алса, анда акынды кечирүүгө болот!”.

            Ойбешикте термелем… Эл-журт Мидин, Райкан, Байдылда, Дайырбектерди чыныгы поэзия жараткандары үчүн кечиришчү турбайбы…

***

            Аялы жакшы болмоюн, акын жакшы ыр жаза албайт. Дайырбек байкем, жакшы аял алды. Ак жоолук, делбир – Чынар жеңе аялзаттын алтыны экен. Ал Дайырбектин ысыгына күйдү, суугуна тоңду. Бу аял, күйөөсүн күкүктүн баласындай бакты. Дайыма, жаркылдап, жайыл дасторконун жайнатып турду. Акын ыр жазаарда, колуна калемин карматып турду. А кокус, Чынар жеңе жаман аял болгондо, Дайырбек байкем, жакшы ыр жаза алмак эмес.

            Дайырбек Стантегиндин улуу акын кылган, ага шедевр ырларды жаздырган, Чынар жеңеме – миң мертебе алкыш!

***

            Акын китеп чыгаруу жумушуна батыл киришкенде, жол тосулду. СССР кулады. Өкмөт басмалары жабылды. Мамлекет адабиятка кайдыгер мамиле жасап, жазуучуларды-акындарды унутту. Ошентип, акындын китеп чыгаруу жөнүндө ойлору ойрондолду.

***

            Жарык дүйнөдө оомал-төкмөл жагдайлар боло берет экен. Кыргыз адабият тарыхына кылчайсак, Мидин Алыбаев жапжаш кезинде, көзү тирүүсүндө эл оозунан түшпөй, атак-даңкка чулганыптыр, атпай кыргыз элинин сый-урматына татыктуу болуптур. Кайран, Мидикеңдин эртерээк өлүп калганы гана болбосо, арманы деле жок экен…

            А, Алыкул Осмонов өзүнүн азгантай жашоо-өмүрүндө, жакшылык деле көрбөптүр. Жаңычыл ырлары четке кагылыптыр. Бул акын көзү тирүүсүндө жылуу пикир укпаптыр. Бирок, Алыкул өлгөндөн кийин гана анын гений экенин, таанып билбедикпи!

            (Улуу акындар Мидин менен Алыкул мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык-наамдарды алышкан эмес. Тагыраак айтканда, беришкен эмес. Деген менен, бул акындар агалачач тарыхка айтамга басышты.

            Мунун тетиринче, көздөрү тирүүсүндө сыйлык-наамдарды кабаттап алышкан, орден-медалдарды шарактата тагынышкан жазуучу-акындар өздөрү өлгөндөн кийин, унутулуп калышты.

            А, көрсө, жакшы ырлар гана түбөлүк жашайт экен! Жакшы ырлар сыйлык-наамдарыңды уруп ойнобойт экен!

            Жогорку сөздөрдү саймедиреп жатканым: улуу акын жана атак-даңк деген түшүнүктөрдү, сыйлык-наамдарды алуу менен чаташтырбашыбыз керек)

            Мен куш мисалы айланып келип, айтайын дегеним бу: Дайырбек Стантегин көзү тирүүсүндө атак-даңктуу болгон жок, сыйлык-наам алган жок. Ал ушулардын баарына татыктуу болчу. Бирок, алтынды дат баспайт! Келечекте, Дакеңдин атак-даңкы дүңгүрөйт! Алтынжаак, жезтаңдай акындын Адабияттагы жашоо-өмүрү башталды. Ал мындан ары, ырлары аркылуу эл жүрөгүндө жашай берет!

            Ойбешикте термелем… Ооба, адабиятка бирөөлөр эрте келет, бирөөлөр кеч келет. А, бирөөлөр өлгөндөн кийин келет. Адабият, ушунусу менен адабият!

Эркалы Өскөналы, жазуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты

Кулак кагыш: Урматтуу окурман! Жакында “Улуу тоолор” басмасынан Дайырбек Стантегиндин “Жүрөктүн кагышы” аттуу ыр жыйнагы жарык көрөт.

Акын Дайырбек Стантегин: “Мен сага барган элем, жаз көтөрүп”

Ыр

Ысымыңды жаздым аппак кагазга,

Ысыгыңды салдым мукам авазга.

Жек көрөмүн сага акараат айтканды,

Жеке туруп түшөм коркпой талашка.

Мейли кайда, качан, кантип жүрбөйүн,

Мээрден бүткөн тунук затсың дүрдөйүм.

Отуз жолу кайрып ырдайм жаңыртып,

Опоосу жок, тозокко баш кирмейин.

Жаз келгенде, жазды көрөм көзүңдөн,

Жай келгенде, жайды көрөм өзүңдөн.

Ак эдилсиң күздө ачылып кучагы,

А кышында, кыш сөөлөтү сезилген.

Эрдиң, көзүң элжиретет куйкалап,

Эркин сөзүң ээликтирет, буй салат.

Көргөн сайын талып турам нес жандай,

Көркөм боюң миң кубулуп, суйсалат.

О, үр кызы, о, ак көрпө жайылым,

Ооздон түшпөс обозгерим, дайыным.

Арзуум сага миллиард болсо бүтпөгөн,

Аны сага жүз эселеп тайыдым!

***

О, бул бакыт! Сатып алгыс парага!

“Сүйөм!” дедиң, сүзүп көзүң садага!

Кайгып кеттим, кара жаным күйүгүп,

Кабылгандай миллион сом жалаага.

Же жаштыгың, же жалының билбеймин,

Жээлигем да бирок ичтен кирдеймин.

Сен тунуксуң асылзаада пакизат,

“Салыштырып а өзүмдү ким?” деймин.

Жок садагаң, алчы кайра сөзүңдү,

Ыраазымын, тагдырыма миң алкыш,

Ыраа көрбөй турам сага өзүмдү.

А мүмкүн, сен колго келген бактыңды,

Айныгысыз аныгынан таптыңбы?

Аргам кетти, эрте же кеч жаралбай,

Айтчы деги, кылам кантип аксымдык?

Андай болсо, бир тобокел тагдырга,

Артыбызда калсын узун санжырга.

Жумдум көздү. Эң алгачтан баштайлы,

Бир жолуктум, эми эч кимге алдырба.

Сүйгүн сүйсөң, Оттеллону сүйгөндөй,

Актык үчүн аппак туруп күйгөндөй.

Мен да сүйөм, керек болсо жан берип,

Керек болсо, өлтүргөндөн ийменбей!

Кыздар

Кыздар сулуу жакшына,

Кыйгач өтөм аптыга.

Даңазалап ырдаган,

Ыраазымын бактыма.

Ыйлап турган кезимде,

Кытыгысы чымчыган.

От бүркүшөт сезимге,

Ой, ой жашык курч улан.

Кыздар назик үлбүрөп,

Коюуланып көздөрү.

Эриндери дилдиреп,

Ээритишет сөздөрү.

Жаз айында, кулпурган,

Жашыл көйнөк кийишет.

Чартылдаса нур сынган,

Чагылганды сүйүшөт.

Күз айында түрлөнгөн,

Кызыл көйнөк кийишет.

Махабаттын түн берген,

Ак мөндүрүн сүйүшөт.

Кыздар сулуу жакшына,

Кыйгач өтөм аптыга.

Даңазалап ырдаган,

Ыраазымын бактыма.

Дайырбек Сатнтегин

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here