Дүйнөлүк ЖДМКлар эми Кытайдан куш тумоосу чыгып, анын айынан учурда 18 миӊге жакын үй канаттууларын жок кылышканын жазып чыгышты. Кудай жалгап, бул тумоо адамдарга жуккан учур катталган жок. Кытайдын Хунань провинциясында куш тумоосунун жогорку патогендүү H5N1 түрү аныкталганын КытайдынАйыл чарба министрлиги аныктаган. Бир фермердин б 7850 үй канаттуусунун 4500үнө оору жугуп, кырылып калган. Ушундан улам жергиликтүү бийлик илдетти жайылтпоо максатында 17,8 миң үй канаттуусун жок кылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунунмаалыматы боюнча, A(H5N1) тумоосуна биринчи жолу 1997-жылы Гонконгдун жашооочулар чалдыккан. Анда 6 адам каза тапкан. Андан соӊ, бул тумоо 2003-жылы кайрадан катталып, 2003-жылдын 5-майынан 2014-жылга чейин 15 өлкөдө куш тумоосуна кабылгандардын саны 665 адам жеткен. Булжылдары H5N1 вирусунан 392 адам көз жумган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here