Коронавирустун изилденгенден кийинки жакындан тартылган сүрөтү…

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги , 28-январдан 1-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келгени боюнча маалымат таратты. Анын 182си Кыргызстандын, 13ү Кытайдын жана бирөө башка мамлекеттин жараны. Алардын баары теӊ термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, коронавирус аныкталган эмес.

Мекеме Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алган адамдар каттала элек экенин кошумчалады. Азыркы тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы госпиталда төрт киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Жетөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылды. Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, 1-февралга карата коронавирусту жугузуп алгандардын саны 9826 адамга жеткенин анын ичинин 9720сы Кытайда экенин билдирди. Ал эми бул вирустан өлгөндөрдүн саны 259 кишиге жеткени айтылды. Кытайдан сырткары 19 өлкөдө коронавирустун 106дан көп учуру катталды.

Бирок айрым маалыматтарда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 300дөн ашык адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 11 791 кишиге жеткенин ЖМКлар жазып жатышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here