Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек аймактык башкармалыгынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) жетекчиси 1800 евро (143 миң сом) пара алып жаткан жеринен кармалганын маалымдады.

Кармалган адам чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап бериш үчүн андан акча талап кылган. 31-январда Биринчи май райондук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here