Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 30-январдагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мекемесинин ишмердүүлүгүн карап, өкмөткө ишкананын директору Алымжан Козубаевди кызмат ордунан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу президенттин сайты жарыялады.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторинге ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча берилген тапшырмалардын көбү аткарылбай калганын белгиледи. Мекеменин жетекчилиги арыздарды жана автоунааларды каттоонун, кайра каттоо үчүн тийиштүү документтердин онлайн берүү механизмин киргизген эмес. Жыйында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык тобокелчиликтер сакталып, өлкө жарандары үчүн дагы эле ыңгайсыздык жаратып жатканы айтылды.

Укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иштери козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы белгиленди. Анын ичинде мекеменин директору Алымжан Козубаев сотко чейинки өндүрүштүн өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатканы белгилүү болду. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда каралган материалдар юридикалык баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here