Пенсияга эрте чыгуу жобосун алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат.

Маалыматка ылайык, Соцфонддун чыгымы жана пенсионерлердин саны өсүүдө. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев бул Соцфонддун бюджетине залакасын тийгизип, пенсионерлерге акча төлөөдө кыйынчылык жаратпайбы деген маанайдагы бир катар суроолорго жооп берди.

Жетекчи пенсионерлердин саны өсүп жатканын тастыктап, бул бара-бара чыгымдын көбөйүшүнө алып келерин айтты. Ошол себептен реформа зарыл. Ирсалиев ушу тапта аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга аларын эскертти.»

Пенсияга мөөнөтүнөн мурда көп категория боюнча чыгышат. Мисалы, күч түзүмдөрүндө иштегендер 40 же 45 жашынан пенсияга чыгып кетишет. Аялдардын негизги массасы иш тажрыйбасына карап 55 жашынан, ал эми эркектер 60 жашынан пенсияга чыгышат. Биз жеңилдиктерди алып салышыбыз керек. Ошондо бир топ акчаны экономдоп калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам долбоорун даярдап, анда 58/63 жаш өзгөчөлүгүн калтырабыз, болгону жеңилдиктерди алып салабыз», — деди Ирсалиев.

Ал пенсияга чыгуу жашы өйдөлөтүлбөй турганын айтты.

Ист.спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here