Санкт-Петербург шаарынын Октябрь райондук соту имараттарга Орусия президенти Владимир Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелген кишини камакка алуу чечимин чыгарганын Россиянын ЖМКлары жазып чыгышты. Ал эми 27-мартка чейин камакта олтурат. Бул кылмышка шектүү делген эки адам теӊ кыргыз жарандары. 22 жаштагы жигитке «Вандализм» жана «Террордук ишмердүулүккө ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөө коюлган. Алар бул күнөөлөрдү четке кагышып, мойнуна алышкан эмес.

Маалыматта: Интернет аркылуу П., аттуу жаран менен 5 миң рублге келишим түзүп, ага Орусия президентинин сүрөтүн тартып, алдына «Көрсөң өлтүр» деп жазылган трафарет даярдап берүүнү, андан соң бул сүрөттү боек жана трафареттин жардамы менен Петербургдагы имараттардын фасаддарына тартууну сунуштаганы айтылат.

27-январда алты имаратка сүрөт тартылганы белгилүү болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here