Коопсуздук кеңешинине караштуу коррупцияга каршы эксперттик топтун мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев өзүнө карата «Атайылап жалган айгак болуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын айтып чыкты. Юрист өзүнө «Кыргызнефтегаз» боюнча айткан пикирине байланыштуу милиция териштирүү башталганы тууралуу табыштама тапшырылганын жазды.

Осмоналиев медиа каражаттарына «Кыргызнефтегаз» тууралуу эксперттик пикирин, коррупциялык тобокелчиликтер жөнүндө айтып бергенин кошумчалады. Ал эч кандай жалган маалымат таратпаганын белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here