Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жалпы жыйында Ар кандай маселелерде депутат Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районундагы Эпкин жана Түгөл-Сай айылдарындагы көп жылдардан бери чечилбей келаткан социалдык көйгөйлөрдү көтөрдү. Депутаттын айтымында Эпкин айылында 1991-жылы салынган Акун Садырбаев атындагы 80 орундук мектепте учурда окуучулар батпай, үч сменде окушат. Мектептин 5 эле окуу кабинети болгондуктан батпай калган балдар коридорго окууга мажбур болуп келишет. Ошондой эле ал мектеп салынгандан бери бир да жолу капиталдык курулуштан өткөн эмес. Аталган мектепке кошумча корпус куруу маселеси 2010-жылдарга чейин көтөрүлгөнү менен, ошондон бери ишке ашпай келет. Ал тургай мектептин жанына АРИСтин аракети менен 400 миӊ сомго чейин кошумча корпустун фундаменти куюлуп, сметалык-долбоору чийилген болчу. Ал долбоордогу эсептөө боюнча кошумча корпуска 6 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталмак. 2012-жылдардан бери ошол кошумча корпус куруу маселеси мурунку өкмөт башчыларга да толук жеткени менен эч кимиси көӊүл бурушкан эмес. Эми бул маселеге баш бакан Абылгазиев мырза көӊүл бурабы, аны убакыт көрсөтөт.

Андан тышкары, ошол эле Эпкин айлында бүгүнкү күнгө чейин бир да бала — бакча жок болгондуктан аталган айылдын жашоочулары кичинекей балдарын ар кайсы айылдардагы (7 чакырымдан 15 чакырым алыстыктагы айылдарга чейин) бала-бакчаларга автоунаалар менен ташып келишет. Чынында Жумгалдын башка айылдарынын баары теӊ бала-бакча менен камсыз болгон. Бала-бакчасы жок бир гана Эпкин айылы калды.

Ал эми Түгөл-Сай айылына салына турган спорт залдын долбооруна бюджеттен 315 миӊ сом каралганы менен бүгүнкү күнгө чейин ал акчанын болгону 100 миӊ сому берилген. Нурбек мырза, өкмөт өкүлүнө мына ушул маселелерди өкмөт башчыга жеткирип, быйылкы жылы талапка ылайык чечип беришин суранды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here