Сузакта сабалган эки жашар бала каза болгонун Жалал-Абад облусунун милициясы кабарлады. Маалыматта: 27-январь күнү күндүз Сузак районунун Октябрь айыл аймагынын ооруканасына 2017-жылы төрөлгөн бала келип түшкөнү, бирок тилекке каршы, бала жансыз болгондугу айтылат. Бала катуу сабалгандыктан денеси көк ала болуп калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, баланын апасы 2019-жылы каза болгон, атасы Орусияда иштейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here