Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 50 жаш курагында каза болду. 29-январда эртең менен ооруканада жүрөгү токтоп калган.

Эрнис Асек уулу — маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Эрнис Асек уулу «Баягы Асаба» гезитин чыгарган.

Адабий чөйрөдө Эрнис Асек уулу өзгөчө стили бар акын катары бааланып, дүйнөлүк адабияттан бир топ акындардын, даанышмандардын чыгармаларын которгон. 2017-жылы ал Кытайдын улуу ойчулу, даанышманы Конфуцийдин осуяттарын кыргыз тилине которгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here