Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы 28-январда коронавирусту 5 974 адам жугузуп алганы аныкталганын билдирди. Маалыматта: жалпысынан 29 233 адам ушул вирусту жугузуп алган деп шек саналып жатканы айтылат

Кытай бийлиги оорунун очогу Хубей провинциясына карантин жарыялаган. Өпкөнү сезгенткен оору бул аймактагы 11 млн. эли бар Ухань шаарында былтыр декабрда катталган. 28-январда америкалык жарандар отурган учак Аляскага конду, ал жерде вируска кошумча текшерүү болот. Жапония Ухандан 206 жаранын алып кетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here