Бүгүн Жогорку Кеӊеште сотторго байланыштуу мыйзам долбоору каралды. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, соттордун кадыр-баркы төмөндөп кеткенин ачык айтып, бул кемчиликти мойнуна алды. Ал өз сөзүндө буларды айтты:

— Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Кээ бир судьялар да ошол кадыр-баркыбызды түшүрүп жатышат. Мен өзүм деле уялам. Мен судьяларга жолукканда айтам, «менин кадыр-баркым — силердин кадыр-баркыңар, ошондон чогулат» деп айтам. «Мен жалгыз эч нерсе кыла албайм» деп кайрылам-деп айтты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here