Өткөндө Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек деп жалпы жыйында бир күпүлдөп алды. Ал муну жөн жерден айтканы жок. Баягы эле бийликке бир жагынып, кошоматка кой эмес, төө сойгон  саясаты менен айтты. Бул бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагы элге азыркы жашоо –шартты түзүп, ар бир адамдын казанына аш салып берип жаткандай келжирей беришет. Чынында эл мамлекеттен жардам албай,  турмуш шартты өз аракеттери менен түзүп жатышат. Бийликчил атка минерлер болсо элдин канын соруп, коррупция менен гүлдөп, өнүшүп, анан элге акыл айтып жатышат. Чынында ушул бийликтеги 150-200 атка минерди Бакиров айткан Памирге айдап, ошол жактан 1 жыл  жашатып, аӊ-сезимин ойготуш керек. Баса, өткөн Атамбаевдин тушунда Сайдулла Нышанов кошоматчылык жактан эч кимди алдыга салбай, атагы катуу таш жарды эле. Эми Бакиров андан ашып баратат. Кыскасы, Жээнбековдогрго жагыш үчүн кошоматчылыктын  “илибой” түрүн жасап, оозуна келгенди оттоп жатышат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here