Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин караган Бишкек шаардык сотунун судьясынын жоопкерчилиги каралышы мүмкүн экендигин ЖКда депутаттардын суроосуна Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева айтты. Ал: »
«Жоопкерчилиги Тартип комиссиясында каралышы мүмкүн. Азыр талкуу жүрүп жатат» — деди.

Алмаматов коррупция үчүн шектүү катары 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here