Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланганын ИИМ билдирди. Президент Жээнбеков Коопсуздук кеӊешинде Алмаматовдун маселесин айтып, күч органдарын катуу сынга алган.

Буга чейин Алмаматовго КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган. Ал Жогорку соттун былтыр 30-октябрдагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Бирок жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес.

Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган. Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here