Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтып келди. Алардын абалы жакшы. Алар эми атайы байкоодо 10-14 күн болот. Эч кандай оорунун белгилери жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө жүрүп жатат. 28-январда эртең менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан алты кыргызстандык келди, алар Шиңжаң университетинин студенттери.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул студенттер Кыргызстанга 27-декабрда каникулга келип, 21-январда кайра Үрүмчүгө кайтышкан. Алар Бишкекке Казакстан аркылуу келди.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан бүгүнкү маалымат боюнча 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 16 мамлекет боюнча 4,5 миңден ашты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйындын катышуучулары саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу маалыматын угуп, талкуулашты. Бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here