Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 28-январда эртең менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан алты кыргызстандык келди, алар Шиңжаң университетинин студенттери.

“Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), аларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилери жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө жүрүп жатат” деп билдирди өкмөт.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул студенттер Кыргызстанга 27-декабрда каникулга келип, 21-январда кайра Үрүмчүгө кайтышкан.

Алар Бишкекке Казакстан аркылуу келди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here